Казакстанда мектепке 300 метр жакын аралыкта жайгашкан мечиттер буздурулат. Ошондой эле диний имараттарды курууда атайын жаңы эреже кабыл алынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ушул жылдын апрель айынан баштап, диний имараттарды салууда жаңы норма кирген. Анда мектепке 300 метр жакын аралыкта жайгашкан мечиттин баары бузулуп жок кылынары айтылган.
Эгер мечиттер мыйзамсыз курулган болсо, анда аларды бузуш керек. Кимде ким мечит курууну пландап жатса, аны жер куруу боюнча адистерге кайрылып, тийиштүү документтерди алышы керек. Андан кийин гана курулушту баштоого уруксат берилет деп жазылган маалыматта.
Казакстанда акыркы жылдары мыйзамсыз курулган мечиттердин саны көбөйгөн.