Шаардык кеңештин КСДП фракциясы Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов менен жолугушуу өткөрдү

Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясы мэрликке талапкер Азиз Суракматов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу SUPER.KG'ге шаардык кеңештин КСДП фракциясынын лидери Эрмек Усубалиев билдирди.

"Фракция депутаттары толугу менен катышты, жолугушуу 1 жарым саатка созулду. Депутаттар тарабынан көптөгөн суроолор берилди, талапкер мэр болсо, андан кийинки кадамдары кандай болору тууралуу айтты. Биздин КСДП фракциясы Азиз Суракматовдун талапкерлигин колдойт", - деди Усубалиев.

Айта кетсек, кечээ, 2-августта Суракматов менен шаардык кеңештеги оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясы жолугушуу өткөргөн.

Суракматов - Бишкек мэрлигине жалгыз талапкер. "Республика-Ата Журт" оппозициялык фракциясы талапкер сунуштабай турганын билдирсе, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер сунуштабай турганы белгилүү болгон.

Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан