Чүй ОИИББи: "Токмокто эки өспүрүмдү жылан чагып алганы боюнча маалымат чындыкка жатпайт"

Буга чейин айрым ЖМКларга Токмок шаарына жакын жердеги "Гавайи" деп аталган эс алуучу жайдагы суудан эки адамды жылан чагып алганы боюнча видео чыккан. Чүй ОИИББи жогорудагы маалымат чындыкка жатпай турганын билдирүүдө. Облустук милициянын басма сөз өкүлү Нүргүл Нусупованын SUPER.KG'ге кабарлашынча, милиция кызматкерлери аталган эс алуучу жайды текшерүүгө алып, маалымат калп экенин аныкташкан.

"Чүй РИИБинин кызматкерлери айтылган дарекке барып сураштырып чыгышкан. Бирок адамдарды жылан чагып алганы боюнча маалымат аныкталган эмес. Биз ооруканаларга чейин чалып сураштырдык. Жылан чагып алып кайрылган эч ким болбоптур. Демек, маалымат калп. Мүмкүн видео чет өлкөдө тартылгандыр", - деди Нусупова.

Ал эми "Гавайи" эс алуу жайынын кызматкерлери дагы мындай факты катталбаганын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
maks94.kb
2018-08-03 19:58:31
Видео корунуп эле туратко
0
nursiyanur
2018-08-05 12:10:24
Видеосун кайдан корсок болот
0
Meer
2018-08-05 15:18:59
Менда ойлодум эле калп болсо керек деп, себеби суу жылан чакпайт, кургак жерде чаксада ишенсен болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан