Нарында Памирден келген жаш үй-бүлө уулдуу болду

Памирден Нарын облусуна келген үй-бүлөлөрдүн бири уулдуу болду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Жаркын Ибраева SUPER.KG порталына маалымдады.

Ибраеванын айтымында, көз жарган Ширинбүбү аттуу келин өткөн жылы Памирден Кыргыз жерине келерге жакын Фазылхак Абубакир уулуна турмушка чыккан. Алар Кичи Памирде туулуп-өсүшкөн.

"Бала ай күнүнө жетпей төрөлгөндүктөн Нарын облустук ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө жаткырылды. Учурда абалы туруктуу, энесинин сүтүн бөтөлкө менен аз-аздан иче баштады. 31-июлда 1 килограмм 970 грамм салмакта төрөлгөн", - деди ал.

Ошондой эле ал Ширинбүбү Кыргыз жерине келип балалуу болушкан үй-бүлөнүн кызы экендигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
umar.kgz
2018-08-03 23:14:39
өмүрлүү болсун.
.
0
Benazir08
2018-08-04 00:46:10
Ииий омурун берсин.. Баарына эле уул бере берсе аа кудай. Биринде уулга зар бироо уул эмем кыз да жок балага зар......
0
iaau
2018-08-04 02:15:32
Омурун берсин КУДАЙЫМ. Кыргыздын керегине жараган жигит болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан