Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "Унаа жолдору жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланган.
Өзгөртүүгө ылайык, республиканын унаа жолдору жалпы пайдалануудагы, ведомстволук, жеке менчик, муниципалдык, ошондой эле мамлекеттик жолдор болуп бөлүнөт.
Мамлекеттик жолдорго – Мамлекеттик күзөт кызматы, президент, өкмөт башчы, спикер, Жогорку Соттун төрагасы жүргөн жолдор кирип, алардын коопсуздугун камсыздоо үчүн ага өзгөчө макам берүү сунушталган.