III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Кырчын этношаарчасында миңден ашуун боз үй тигилет. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, режиссёр Зарылбек Молдобакиров билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн ар бир облусу 11-13 боз үй тигүүнү пландап жатат. Андан тышкары ири масштабдагы иш-чарага кызыкдар болгон коомдук бирикмелер, уюмдар дагы катышып, маданий программаларды көргөзөт.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына "Ала-Тоо айымдары", "Ак элечек апалар", "Кыргыз жери" жана башка коомдук бирикмелери 18-20 боз үй тигет. Мындан тышкары театрлаштырылган шоу программа үчүн бир нече боз үй тигилип, жалпысынан боз үйдүн саны 1 миңден ашат", - дейт Молдобакиров.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасында кызыктуу сынактар орун алып, кыска убакытта кыргыз боз үйүн тыкан тигүү жана жыйноо мелдештери уюштуруларын кошумчалады режиccёр.
Ошондой эле этношаарчага боз үй тигүүнү каалагандар режиссёр-коюучу тобуна кайрылса болот. Ыктыярчылардын арызын кабыл алуу Бишкек шаарындагы Касымаалы Баялинов атындагы балдар китепканасында болот.