Элдик видео: Мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду жубайы ыр саптары менен эскерди

"Медиа-порталдын" "ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду жубайы Нора Сүйүналиева эскерген видео жүктөлдү. Видеодо маркумдун жубайы көзүнө мончок жаш алып жолдошун эскерип ыр окуган. Анда "Сүйүктүүңөрдөн ажырабагыла! Бири-бириңерден бир кадам алыста болсоңор дагы түбөлүккө коштошкула!" деген саптар айтылат.

Жол кырсыгынан каза болгон мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров арабызда болгондо бүгүн, 4-августта 39 жашка чыкмак. Ал 2017-жылы 7-октябрда жол кырсыгына кабылып көз жумган. Аны менен кошо жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу алган жаракаттарынан улам каза болгон.

2-февралда Чүй облусунун Москва райондук соту Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча ишти карап, КамАЗдын айдоочусу Автандил Таалайбек уулун 10 жылга жатак абагына кескен. Андан тышкары айдоочу 2 миллион 95 миң 250 сом төлөөсү милдеттендирилген.

Мурдагы премьер-министр Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева эскерүү ырын окуду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zamka79
2018-08-04 21:55:23
Кайгынарды тен болушом
Кыргызча окуп кыргызча эскереличи...
Катуу тийсем кечиресиздер!!!
+5
Nevestkaa
2018-08-04 22:16:29
Аялы аябай эле жаш калды да ,күйөөсүн сагынганы көрүнүп турат.Жүрөгүм араң эле көтөрдү ,өтө өкүнүчтүү.Жигит өлбөс болсочу....
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан