Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинин куткаруучусу менен ИИМдин кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик орун алган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн атайын тапшырмасы менен ИИМдин, ӨКМнын, Экологиялык жана техникалык инспекциянын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия сууга чөгүп кетүүнү алдын алуу максатында Ысык-Көл жергесинде рейд жүргүзүүдө. Анын алкагында бардык пансионаттардагы көлгө чөккөндөрдү куткарууга болгон даярдыктар текшерилип жаткан. Кечээ, 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлар текшерилген.
"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинин аймагын текшерүү учурунда бир нече кемчиликтер орун алды. Тактап айтканда, эч кандай белгилер орнотулбаган жана куткаруучулар техникалык жактан дагы камсыз болгон эмес. Атайын комиссиянын өкүлдөрү куткаруучунун формасы жок экенин, кайыгы көл жээгинен бир нече метр алыстыкта экенин жана башка кемчиликтерин айтканда, нөөмөттө турган куткаруучу кайым айтыша кеткен. Куткаруучу "Даярдыгы жок деп жазсаң, жаза бер. Жеке өзүм 7 кишини куткаргам. Баргыла, чөгүп жаткан жерлерге барып даярдыгы жок экенин айткыла. Менде баары жайында" деген. Кайым айтышуудан кийин эс алуучу жайдын жетекчисинин орун басары келип, бардык кемчиликтерди жоёрун билдирген", - дейт басма сөз кызматы.
Ошондой эле аталган жайдын куткаруучулары колдонгон кайык каттоодон өткөн эместиги аныкталган.