Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путинге Красноярск крайында Ми-8 тик учагы кулап, 18 адам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, Жээнбеков Путинге жиберген телеграммасында каза болгондордун жакындарына көңүл айтуусун жеткирип коюуну өтүнгөн.
"Красноярск крайында Ми-8 тик учагынын трагедиялуу кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп белгиленет мамлекет башчынын телеграммасында.
Ми-8 тик учагы 4-август күнү жанында учуп бараткан башка тик учактын жүк көтөргүчү менен кагышып кырсыкка кабылган. Натыйжада 18 адамдын өмүрү кыйылган. Факты боюнча Орусиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, кырсыктын келип чыгуу себептери тергелип жатат.