"Жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу чараларын жүргүзүүдө кемчиликтер бар" дейт вице-премьер

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштардын санын кыскартуу үчүн балдарды көчөдөн тартып, аларга жеке өнүгүү шарттарын түзүп берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал өкмөткө караштуу ювеналдык юстиция боюнча мекемелер аралык координациялык кеңештин жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Өмүрбекова мекемелер аралык координациялык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө белгиленгендей, жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулукка өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, ошондой эле адеп-ахлактык факторлор да таасир берет.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кылмыштарды алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге карабастан жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун статистикасы эки эсе өскөн.

"Бул алдын алуу чараларын жүргүзүүдө кемчиликтер бар экенин айтып турат. Республикада социалдык реабилитациялоо комплекстүү тутуму менен жашоо шарты оор жана мыйзам менен келишпестиктеги жашы жете электерди социалдык коштоо тажрыйбасы жетиштүү өнүккөн эмес. Биз турмуш шарты оор жана мыйзам менен келишпестиктеги өспүрүмдөргө психологиялык жардам көрсөтүү боюнча күндүзгү борборлорду түзүү маселесин, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүн колдоо программаларын иштеп чыгуубуз керек. Спорт, музыка жана бий менен алектенүүгө шарттарды түзүү аркылуу балдарды көчөдөн тартуу керек. Балдар бош убактысын өздөрү үчүн жана жеке өнүгүүсү үчүн пайдалуу өткөрүүлөрү кажет", - деди Өмүрбекова.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр ата-эненин көзөмөлүн күчөтүү жана жашы жете электерде турмуштук баалуулуктар менен артыкчылыктарды калыптандыруу үчүн аларды ыктыярчылык кыймылдарына тартуу жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан