Бүгүн "Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт

Бүгүн, 6-августта "Шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болот. Бул тууралуу уюштуруучулардын тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, иш-чараны "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы", "Биздин укук" коомдук фонду жана "Сөз эркиндигин коргоо комитети" уюштурат.

Жыйынга президенттик аппараттын, өкмөттүк аппараттын, БШКнын өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкер Азиз Суракматов чакырылды.

Айта кетсек, Бишкек мэрин шайлоо 8-августка белгиленген, ага жалгыз талапкер катары Азиз Суракматов катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2018-08-06 10:00:37
Мэрлер менен айыл өкмөттүн башчысын эл шайлоосу керек ошондо жоопкерчиликти алып эл үчүн кызмат кыла башташат азыр бир кана топ адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатышат. Айыл,шаар Кеңештерине депутатты партиялык тизме эмес өздөрүнүн атынан кана шайлоого бара турган болушу керек. Болбосо айылдык Кеңештерди партия лидерлери башкарып эл алдында эч кандай жоопкерчилик жок болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан