Аида Салянова инновациялык долбоорлорду ишке киргизүү алдында турганын жарыялады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова жаңы иш баштаганын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялады.

Анда ал инновациялык долбоорлорду ишке киргизүү алдында турганын билдирген. Бул долбоорлордун негизги максаты укуктук билим берүү болот. "Менин оюмча, мындай долбоорлор өлкөнү гүлдөтүүгө алып келет. Бардык жетекчилик тобокелчилик менен байланыштуу. Бирок өзүңө ишенүү, жүрөгүңдү уга билүү, бардык тобокелчиликти өсүүгө айлантат", - деп жазган Салянова.

Буга чейин Салянова элге акысыз юридикалык кеңеш берүү боюнча социалдык долбоордун үстүндө иштеп жатканын журналисттерге билдирген.

Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимди шаардык сот, Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл жыл башында Салянова чыккан соттун чечиминин негизинде мандатынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Suior85
2018-08-06 12:50:08
Баш прокурор болгондо кыйратпаган эми кыйратат белен
-3
Jelezo
2018-08-06 13:16:37
Эң эрктүү башкы прокурор болгон корупцияга каршы коркбостон күрөшүп баштаганда Атамбаев өзүнүн былыктарын ачып салат деп кызматтан алган.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан