Белгилүү журналист, алып баруучу, Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири Аида Касымалиева бүгүн 34 жашка толду. Ал 1984-жылы 7-августта Ош шаарында туулган. 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун 2004-жылы "Азаттык+" жаштар берүүсүндө редактор болуп иштөө менен баштаган.
Көз карандысыз Кыргыздын саясий тарыхы туурасындагы “Тарыхтын татаал ашуулары”, эрте турмушка чыгып, түрдүү тагдырга туш болгон кыздардын жашоосун чагылдырган "Эрте кеткен турналар" жана мигрант аялдардын жашоосу жөнүндөгү "Москвада калган ый" аталышындагы даректүү тасмалардын автору. Анын фильмдери бир катар эл аралык сынактарда сыйлыкка татыган.
Аида Касымалиева 2017-жылдын март айында парламенттин мурунку депутаты Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалгандан кийин анын ордуна КСДП фракциясынан депутат болуп келген.
7-августка карата жылнаама.