Ички иштер министрлиги мыйзамсыз сактаган курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшырган адамдарга сый акы берүүнү сунуштоодо. Демилге коомдук талкууга коюлганын ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова SUPER.KG′ге билдирди. Анын айтымында, демилге III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин өлкө башчыларынын саммитин өткөрүүдө коопсуздук чараларын күчөтүүгө байланыштуу.
“Буга чейин өз ыктыяры менен курал-жарактарды тапшыргандарга акча берилип келген. Кийин каражат маселесине байланыштуу бул токтоп калган. Азыр ошол долбоорду киргизүү кайра демилгеленип жатат. Мындан сырткары күз айларында боло турчу эл аралык иш-чараларга байланыштуу курал-жарак саткан дүкөндөргө 10-августтан баштап 1 айлык убакытка чектөө киргизилет”, - деди Аманкулова.
Сунушталган токтомдун долбооруна ылайык, гранатомёт менен пулемёттор үчүн 16 миң сом, Калашников үлгүсүндөгү автоматтын бардык түрлөрүнө жана Драгунов снайперлерине 9 миң 600 сом, тапанчаларга 6 миң 400 сом, аңчылык мылтыктарына, кол граната жана миналарга 3 миң 200 сомдон сый акы берүү каралган.
Эгер тапшырылган курал-жарактар кандайдыр бир кылмыш иштерине тиешеси болсо, анда ага сый акы берилбейт.