"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Көчөдөн брусчатка ташып жаткан тургун" деген аталыштагы видео жүктөлдү.
Видео Бишкек шаарындагы Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган. Видеону жолдон өтүп бара жаткан тургун, Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Жакшылык Матанов тартып алган.
Видеодон шаар тургунунун "брусчатканы мектепке ташып жатам" деген шылтоо менен унаасына жүктөп жатканын көрүүгө болот. Матанов ал брусчаткалар ошол жердеги жолдун четин оңдоого даярдалганын, кайра ордуна коюусун талап кылган соң, тургун брусчаткаларды кайрадан ордуна түшүрүп кеткен.