Бишкектеги Жеңиш жаңы конушу 10 жыл мурунку электр энергиясына болгон карыз үчүн таза суусуз калды

Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу Жеңиш жаңы конушу толугу менен таза суусуз калды. Бул тууралуу аталган жаңы конуштун тургуну Миррахим Опош билдирди.

"Бир нече күндөн бери Жеңиш жаңы конушунда суу берүү токтотулган. Жайдын ысык күндөрүндө жуунганга эмес, ичкенге суу жок. Тургундар күн сайын шаардан таза суу ташып келип колдонууга мажбур болушууда. Бул конуштун автономдук жеке суу кудугу бар, андыктан алар шаарга көз каранды эмес. Конушту таза суу менен камсыз кылуучу кампанын электр энергиясы үчүн 9-10 жыл мурунку карызы бар экен. Бул жөнүндө тургундар жарым жыл мурун гана билишти. Карыздын жалпы суммасы түтүн башына бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 1 миң 380 сомдон төлөө милдеттендирилген. Тургундар карызды төлөп жатышат, бирок баары бере элек. Айрымдарынын төлөгөнгө шарты жок. Карыз төлөнмөйүнчө электр энергиясы берилбейт деп жатышат", - деди Миррахим Опош.

Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан төмөнкүлөрдү билдиришти. "Үстүбүздөгү жылдан тартып аталган конуштун автономдук суу кудугу Бишкексууканал муниципалдык мекемесинин карамагына өткөн. Буга чейин Капиталдык курулуш башкармалыгына карачу. Бишкексууканалдын карамагына өтүп жаткан учурда Жеңиш жаңы конушунун жашоочуларынын жалпысынан 465 миң сом өлчөмүндөгү карызы бар экендиги аныкталган. Конуштун тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар ай сайын 59 миң сомдон бөлүп төлөй турган болуп атайын келишим түзүлгөн. Бирок жашоочулар карызын төлөшө элек. Ошондуктан аларга электр энергиясын берүү токтотулган. Ошол эле Жеңиш жаңы конушуна жакын жайгашкан Тынчтык конушунун тургундары менен дал ушундай келишим түзүлүп, көрсөтүлгөн сумманы төлөп жаткандыгы үчүн аларга электр энергиясын берүү улантылып жатат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Patirot_KG
2018-08-06 18:38:04
Туура кылышат,
0
turaliev
2018-08-06 18:46:13
Тологуло анан ичип жегенден кийин
0
newman
2018-08-06 19:01:02
Бекер сыр капканга болот тууган. Төлө
0
aiba.8327
2018-08-06 19:01:34
миррахим опош болгондо бул озу кыргызбы
0
patiydin
2018-08-06 21:27:15
Сен эмне Эл Агада (Мамлекет) Акча чогултуп берсинби? Бугада Аша же Соронбай кунолубу? Иштинби, толода.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан