Караколдо медициналык окуу жайдын бычакталып каза болгон директору Анарбүбү Апсалиеванын үйү өрттөлдү. Мындай маалыматты бүгүн, 6-августта маркумдун сиңдиси Айсулуу Апсалиева SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, өрт 6-августка караган түнү болжол менен саат 03:00 чамасында чыккан.
"Мен кечээ эле ал үйгө барып эки жагын карап коюп кеткем. Түндө кошуналар үй өрттөнүп жатат деп телефон чалышты. Биз Каракол шаарынын четиндеги айылда жашагандыктан, бизден мурун өрт өчүрүүчүлөр келип калышыптыр. Кошуналар үйдү өрттөгөнү келген адамдарды көрүшкөн экен. Алар үйдүн балконунан кирип терезени сындырып жатышканын көрүп, аларды качырып жибербейли деп милиция кызматын чакыртышкан экен. Бирок 5 мүнөткө жетпеген убакытта үйдүн ичинде катуу жардыруу болуптур. Үй жараксыз абалда болуп калды. Мындан он күн мурун да жогорудагы убакта үйгө кимдир-бирөөлөр киришкенин кошуналар көрүп калышып, алар качып кетишкен. Анда да үйгө бензин чачып, үйдү өрттөө аракеттин көрүшкөн.
Муну ким кылганын билбей жатабыз. Эми аларды тергөө иштери аныктайт. Эжемдин өлүмүнөн кийин биз дагы коркуу менен жашап жатабыз. Ал эми эжемдин кызы учурда окууну аяктап, жогорку окуу жайга тапшырды", - деди маркумдун сиңдиси.
Эскерте кетсек, 2016-жылы 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө өлүү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол эле окуу жайдын эсепчиси Р.М. аттуу 40 жаштагы аял кармалганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.
2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.М.ны 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде тагылган айыптан актап, ага карата башка иштер боюнча өкүмдөрдү чыгарган. Тактап айтканда, Р.М. медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин бюджетине тийиштүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы аныкталган. Ал эми 2-февралда Ысык-Көл облустук соту Каракол шаарындагы медициналык колледждин директорунун өлүмү боюнча ишти карап, ага ылайык, Каракол шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, айыпталуучу 40 жаштагы Р.М. аттуу аял Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.