Атамбаев жана Жээнбековдун кыздарынын үлпөт тойлору кызуу талкууга алынууда

Кечээ эле коомчулук президент Сооронбай Жээнбековдун эс алуу учурунда Ысык-Көлдүн жээгинде түшкөн сүрөттөрүн кызуу талкууга алган.

Эми минтип интернет айдыңында президент Сооронбай Жээнбековдун кызы Бактыгүл жана анын жолдошу Атабектин 2 жыл мурун болгон үлпөт тоюнда тартылган видео кеңири тарап кызуу талкууга алынууда. Интернет колдонуучулар өлкө башчынын кызынын тоюн мурдагы президенттин кызынын тоюна салыштырып ар кандай ойлорун жазышууда. Президенттин күйөө баласы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу экени белгилүү. Үйлөнүү той 2016-жылы өткөн. Учурда жубайлардын Алиаскар аттуу уулу бар. Жакында эле өлкө башчысынын жээн небересинин тушоо кесүү тою өткөн. Анда президент тойго келген эмес, ал эми ханайым небересине ак батасын берип, сыйлуу конок болуп кеткени маалым болгон.

Ошол эле 2016-жылдын август айында өлкөнүн ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева Константин Рязановго турмушка чыкканы белгилүү болгон. Эки жаштын үлпөт тою көптөгөн кызуу талкуууларды жараткан, анда элдин көңүлүн президенттин күйөө баласы катардагы эле программист экени бурган. Бул тууралуу Шагиева да өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Ошондой эле ал эч кандай үлпөт той өткөрбөгөнүн жөн гана Бакыт үйүнө барып никеге турганын жана жакын достору менен чакан майрам өткөргөнүн жазган. Интернетке тараган видеодо Алия Шагиеванын ак түстөгү жөнөкөй көйнөк менен көрүүгө болот. Азыркы тапта түйгөлөр Таир аттуу баланы тарбиялап жаткан маалы. Ошондой эле Алия Шагиева 2-наристесин күтүп жатканын да жакында жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Sagyn.91
2018-08-06 23:37:27
Ушулардын уул-кыздарына кызыккандар, талкуулагандар кандай адамдар экен, кызык.?
+8
bekmirzach
2018-08-07 11:37:47
Эки жашка бакыт гана каалайм. Бактыгул ыймандуу жана жонокой кыз экен атасына окшоп.
0
beka666
2018-08-07 01:04:40
Аларды талкуулап эмне табасынар
+5
tnz
2018-08-07 11:38:08
beka666,аларга муйуз чыкса керек да.
0
Aitun
2018-08-07 01:08:32
Менимче бул менин жеке оюм Алия вышла по любви... баары жонокой озу каалагандай. Жээнбековдун кызы возможно брак по расчету... элди чыныгы суйууго ишендиргендей чачынган... же Алиянын тою европейский стилде Жээнбековдуку накта нукура кыргызча пафостор менен. Кантип эле акчасы ашып ташып аткан адамдар ушундай той откорбойт. Жон кочодогу акылдуу келип депутат болбой калганго баары азыр бизнесин коргоп отурат ак уйдо. Тан калган деле жокмун. Менда Алияга окшоп простой ак койнок кийгем.
+6
bema_bema
2018-08-07 01:46:44
Азыр жөнөкөй эле адамдар дүңгүрөтүп той берип атат таңгалыштын кереги жок.Жээнбековдун кызы татынакай экен.Ар бир кыргызымдын кыздарына ушундай той менен турмушка чыгышына тилектешмин.
+7
Mart19
2018-08-07 02:15:06
Алия негизи жонокой кыз экен.Болбосо атасынын аброю бар кезде турмушка чыгыптыр болушунча чачса болмок.Бир гана кемчилиги баласын эмизгендеги фотосун жуктогону а так всё супер у неё
+10
tnz
2018-08-07 11:36:37
Mart19,анан мусулман болуп туруп эмеге турмушка чыкканы
0
Mister_Ibragimov
2018-08-07 07:32:11
Бактылууу болушсун)))
+1
Shaa-82
2018-08-07 12:19:18
Бекерчи адамдар коп экенда э башка кылаарга иштери жокпу аларды талкуулагандан. Азыр эн жонокой адамдар деле дунгуротуп той бериштин аракетинде болуп ататго. Акча кетсе кетсин, абийир кетпесин дешип. Бактылуу болсун эн негизгиси! Ата-энелерине соз тийгизбей, тынч, ынтымакта жашоо насип этсин!
0
iasin
2018-08-07 22:58:59
Кыргызымдын баардык жаштары ажырашпай бактылуу узун омур сурсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан