Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосунда эр эңиш боюнча мелдештен кийин 2 балбандын ортосунда түшүнбөстүк пайда болуп, массалык уруш чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын эр эңиш федерациясынын башкы машыктыруучусу Ниязбек Курманкулов билдирди.
Анын айтымында, Соң-Көлдүн жээгинде жыл сайын өтүүчү малчылардын майрамы өткөрүлгөн.
"Иш-чаранын алкагында спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер орун алган. Эр эңиш боюнча мелдеште 2 айылдын балдары эңишип, оюн бүткөндөн кийин алар мушташып кетти. Жеңилип калган бала ыза болуп атаандашын камчы менен чаап жиберген. Мындан улам балдардын туугандары кошулуп массалык мушташ чыккан", - дейт Курманкулов.
Азыркы тапта уруша кеткен балбандар бири-биринен кечирим сурашып, тараптар элдешкен.