Ош. Шаар бюджети пландагыдан дагы 30 пайызга көбөйтүлөт

Ош шаарынын бюджети пландагыдан дагы 30 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов 6-август күнү жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча тийиштүү кызматтар менен болгон жыйында билдирди.

Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, шаар башчысы унаалардан төлөгөн салыктар боюнча 1-сентябрга чейин жол кайгуул жана салык кызматынын өкүлдөрүн атайын рейд уюштуруп, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен салык топтоону сунуштады. Ошондой эле көмүскөдө жаткан салык төлөөчүлөрдү, үй шартында иштеп жаткан коммерциялык багыттагы ишканаларды мыйзамдаштыруу боюнча катуу талаптар коюлду. Мындан тышкары тийиштүү кызматтарга тез аранын ичинде жыйымдарды толугу менен өз убагында жыйноо боюнча механизмдерди иштеп чыгып, элдерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү менен салык топтоп ар айдын аягында отчёт даярдоо тапшырмасы берилди.

Жыйындын соңунда Ош шаарында бекитилген жергиликтүү бюджеттин көлөмүн дагы 30 пайызга жогорулатуу боюнча милдеттер коюлду.

Ош шаарынын 2018-жылга карата бюджетинин көлөмү бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошпогондо 860 миллион сомго шаардык кеңеш тарабынан бекитилген. Бул сумма 2017-жылга салыштырмалуу 101 миллион сомго көбөйгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Flowhive
2018-08-07 08:51:16
Мырзакматов Мелис маалында бир миллиард сом эле го
+2
KyrgyzKagan
2018-08-08 01:31:52
Flowhive,Туура айтасын 1млрд. 200млн. сомго чейин көтөргөн эле.
0
mirkaa5182
2018-08-07 11:38:36
Мелис Мырзакматов Ошко бир иштеп кетти да, андай иштеген адам эми келбесе керек.
+1
Nazar76
2018-08-07 11:51:29
Бирок кимиңер келип иштеп кетсенер дагы Мелистей иштей албайсыңар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан