Бүгүн, 7-августта электрондук сот өндүрүшү тууралуу маселе каралат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Азамат Узакбаев, Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыев, Евро биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун негизги эксперти Кристоф Копецки жана Өнүгүү укугу боюнча эл аралык уюмунун директорунун кеңешчиси Нурлан Дүйшеев катышат.
Ошону менен катар эле жолугушууда катышуучулар журналисттердин суроолоруна жооп берет.