"Чиркин өмүр" телесериалында "лесепеттин" образын жараткан актёр, Кыргыз Эл артисти Турсун Уралиев каза болду

6-августтан 7сине караган түнү "Чиркин өмүр" телесериалында "лесепеттин" образын жараткан актёр, Кыргыз Эл артисти, радиорежиссёр Турсун Уралиев 85 жаш курагында катуу оорудан улам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз радиосунун музыкалык редактору Адилет Дастанов билдирди.

Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында төрөлгөн.
1957-жылы Ташкент шаарындагы Н.Островский атындагы театралдык институтту аяктап, эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик драма театрында актёр болуп иштөөдөн баштаган.

1958-жылы КТРга режиссёр болуп кабыл алынып, 50 жылдан ашуун убакыт ушул чыгармачыл чордондо талыкпай эмгектенген. Ошондой эле Кыргыз радиосунун Алтын казынасын түптөгөндөрдүн бири.
Чоң чеберчилик менен жасаган жүздөгөн радиопьесалар, постановкалар, көркөм окуулар радионун алтын казынасында сакталып калды.

Турсун Уралиев режиссёр катары гана эмес, актёр катары да белгилүү болгон. Ал бир нече көркөм тасмаларда эпизоддук ролдорду мыкты аткарган. Мисал катары "Махабат дастаны" көркөм тасмасында, "Чиркин өмүр" телесериалында жана башка тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткан.
Маркумдун сөөгү 8-август күнү Бишкек шаарында жерге берилет.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Турсун Уралиевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ady-88
2018-08-07 09:01:11
Арты кайрылуу жаткан жери жайлуу бейиши болсун
+5
momun74
2018-08-07 09:17:43
Жайы жанаттан болсун!
+4
Shaa-82
2018-08-07 09:57:58
Жаткан жери жайлуу болсун, билип билбей кылган куноолорун Аллах озу кечирсин!
+1
Sezimka27
2018-08-07 10:03:16
жайы жанатан болсун
+1
surgeon777
2018-08-07 12:54:15
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун,Жаратканым оз рахымына алсын..
0
Mahabat84
2018-08-07 13:10:56
Ата жаткан жериниз жайлуу болсун кудайым билип билбей кылган күнөөлөрүн кечире көр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан