"Электр станциялары" ишканасы: "Токтогул ГЭСинде эч кандай авария болгон эмес"

Токтогул ГЭСинде эч кандай авария болгон эмес. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул ГЭСиндеги №1 трансформатору 15-июлдан баштап тесттик режимде болуп, эксплуатацияга бериле элек. "Тесттик режим убагында жабдуу толук эксплуатацияга берилгенге чейин мүчүлүштүктөрдү жоюу иштери жүрөт. Текшерүүдө 15,75 киловатт кубаттуулукту 500 киловаттка айландырган трансформатордо кемчиликтер бар экени аныкталган. Азыркы учурда энергетиктер кыш мезгилине даярдык көрүү максатында иштеп жатышат. Айрым эксперттер туура эмес маалыматтары менен коомчулукту адаштырып жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, эксперт Расул Үмбөталиев айрым маалымат каражаттарына Токтогул ГЭСиндеги №1 трансформатору иштен чыкканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан