Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кайрылуусу Башкы прокуратурага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылуу кечээ, 6-августта түшкөн. "Кайрылуу кечээ эле түшкөн, каттоодон өтүп, тийиштүү башкармалыкка берилип, каралып чыгат", - деп басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Сапар Исаков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган. Анда УКМКнын тергөөчүлөрү тарабынан опузалоо болгону жазылган. "УКМКнын кызматкери менден Нурбек Токтакуновдун жактоочулук кызматынан баш тартуумду сунуштаган. Эгер анын сунушунан баш тартсам, анда WikiLeaks сайтында мурда менин атым көрсөтүлгөн макала боюнча мага дагы бир кылмыш ишин козгой турганын айткан", - деп жазылат кайрылууда.
Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде "коррупция" беренеси боюнча айыпталып, 5-июнда УКМКнын тергөө абагына киргизилген.