Чүй облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан таксисттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-августта Чүй облустук милициянын басма сөз өкүлү Нургүл Нусупова кабарлады.
Анын айтымында, Ысык-Ата РИИБине 6-август күнү аталган райондун тургуну кайрылып, 52 жаштагы Ч.Б. аттуу күйөөсү дайынсыз болуп жатканын айтып, издөөгө жардам берүүнү өтүнгөн. Жазылган арызда Ч.Б. такси айдап жүрүп ошол бойдон дайынсыз жоголгону көрсөтүлгөн.
"Издөө иштеринин алкагында 6-август күнү изделип жаткан Ч.Б. аттуу адамдын унаасы Кант шаарынан табылган. Бүгүн эртең менен Кант шаарына жакын жердеги айдоо талаасынан ал адамдын жансыз денеси табылды. Учурда ал жерде тергөө кызматтары чыгып кетип иштеп жатышат", - деди Нусупова.