"Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман "Кадамжай райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунда дем алыш күнү нөөмөттө турган дарыгер ишке келбей, бейтаптар "Тез жардам" кызматын чакырууга мажбур болуп жатышат" деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Аталган маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык.
"4-август күнү Кадамжай райондук үй-бүлөлүк борборунда график боюнча нөөмөткө бекитилген дарыгер ооруп калганына байланыштуу жумуш ордуна өз убагында келген эмес. Ал эми кийинки нөөмөттөгү дарыгер бул тууралуу кабары болбогондуктан ал дагы жумушка келбей калган. Ошол күнү нөөмөттө болгон медайым Г.Сарабекова дарыгердин келбегендиги тууралуу жетекчиликке эч кандай маалымат берген эмес. Дарыгер жок мезгилде борборго 5 бейтап кайрылган. Бейтаптарды медайым Кадамжай аймактык ооруканасынын бейтаптарды кабыл алуу бөлүмүнө жөнөткөн", - деп билдирген Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координаторунун милдетин аткаруучу А.Борубеков.
Аталган окуя жетекчилик тарабынан териштирүүгө алынып, өз учурунда дарыгердин жок экендиги тууралуу жетекчиликке кабарлабаганы үчүн медайымга сөгүш жарыяланган. Ошондой эле кандайдыр бир себептерден улам жумушка келе албай калган маалда дарыгерлер жетекчиликке билдирүү жасаш керек экендиги жана өзүнөн кийинки нөөмөткө турчу дарыгер менен өз ара сүйлөшүп иш алып баруу керектиги тууралуу эскертилди.