Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы 80 миллион сом которулду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (каржы полициясы) коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган эсепке дагы акча которду. Бул тууралуу SUPER.KGʹге аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Каржы полициясы бул жолу атайын эсепке 80 миллион 14 миң 470 сом өлчөмүндөгү акча которгон.

"Бул акчалар экономикалык кылмыш боюнча козголгон иштерден улам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан жана эсепке алуудан чогулду. Мындан ары да өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар улантылат", - деди Каржы полициясы.

Буга чейин Каржы полициясы атайын эсепке 63 миллион 362 миң 758 сом которгон. Жалпысынан аталган мекемеден которулган акча каражаттын жалпы суммасы 143 миллион 377 миң 228 сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bekmaral
2018-08-07 16:16:05
Буюруса эки мектептин акчасы чыгып калыптыр.Иштей бергиле дагы озунорго иштеп койбогула.
+3
Nursbaike
2018-08-07 16:53:45
Азаматтар. Илгери бюджетке тушот деген эле кеп болчу азыр жок дегенде сумма айтылып озунчо эсепке тушуп атат.
+3
baisogur
2018-08-07 18:41:22
Ишинерге ийгилик
0
altyn7776
2018-08-07 19:01:39
Азаматтар! Бирок бул сумма ото эле аз..долларга чакканда 2 миллиондон ашат болгону. А АШАнын байлыгы 600 миллион доллар! Элестетип жатасынарбы айрыманы?2 миллион менен 600 миллион долларды?
+1
Baatirbek81
2018-08-07 20:06:16
altyn7776,Ашанын байлыгы 600миллион эмес миллиярд
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан