Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Мамлекеттик каттоо кызматынын Ысык-Көл облусундагы бөлүмү мыйзамсыз акча жасап жаткандыгы тууралуу интернеттеги баракчасына жазып чыккан.
Бекешевдин билдирүүсүнө ылайык, 2018-жылдын 1-июнунан 6-августуна чейин Ысык-Көлгө 8 миң 592 чет элдик жаран келсе, алардын 5 миң 174ү Өзбекстандан келгендер. Мыйзамга ылайык, Өзбекстандын жарандары Кыргыз жеринде 5 күн каттоосуз жүрө алат.
Депутат негизги маселе катары ошол жарандардан Мамлекеттик каттоо кызматынын облустук бөлүмү каттоо үчүн алынуучу 100 сомдон сырткары да ошол жердеги кызматкерлер ар кыл шылтоону айтуу менен каттоодон өткөрүүнү кечеңдетип дагы 100 сом алып жаткандыгын, ал жүз сом сол чөнтөккө кетип жаткандыгын айткан.
Депутат орто эсеп менен Мамлекеттик каттоо кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2 айда 300 миң сомду өздөрүнүн пайдасына көргөнүн да белгилеген. Эл өкүлү мындай мыйзамсыз көрүнүштү жоюу максатында өкмөткө Өзбекстан жарандарынын Кыргыз өлкөсүндө 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүү маселесин сунуштай тургандыгын, коңшу өлкөлөргө шарт түзүү керектигин айткан.
SUPER.KG порталы Мамлекеттик каттоо кызматына бул маселе боюнча кайрылганыбызда, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Мухабат Пратова депутат айткан сын боюнча факт катталбаганын билдирди.
"Бизде акча алып жатат, бизнес кылып жатат деген маалымат жок. Бүгүнкү күндө бул тууралуу бир да расмий маалымат, арыз жок. Андай маалымат түшсө, биз текшеребиз.
Ал эми Өзбекстандын жарандарынын өлкө аймагында каттоосуз жүрүүсүнүн мөөнөтүн 15 күндөн 30 күнгө чейин узартуу боюнча иштер каралып жатат", - деп билдирди Пратова.