7-августта түнкү саат 23:17лер чамасында Жалал-Абадда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн күчү Бабаш-Ата тоо кыркаларында 5 баллга жеткен.
Жер титирөө Сары-Бээ айылында 5 балл, Майлуу-Суу шаарында жана Үч-Булак, Кара-Булак айылдарында 4,5 балл, Арстанбап айылы, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Кара-Көл жана Кочкор-Ата шаарларында 4 балл, Жалал-Абад менен Ош шаарында 3 баллга сезилген.