Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы өзгөрдү. Курамга Шыкмаматов киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамына өзгөртүү киргизилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов улуттук кеңештин курамына киргизилди.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин учурдагы курамы:

  • Сооронбай Жээнбеков - президент, улуттук кеңештин төрагасы;
  • Дастанбек Жумабеков - Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • Мухаммедкалый Абылгазиев - премьер-министр;
  • Айнаш Токбаева - Жогорку Соттун төрайымы;
  • Иса Өмүркулов - КСДП фракциясынын лидери;
  • Алмазбек Баатырбеков - "Кыргызстан" фракциясынын лидери;
  • Жыргалбек Турускулов - "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери;
  • Бакыт Төрөбаев - "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери;
  • Алтынбек Сулайманов - "Бир бол" фракциясынын лидери;
  • Дамир Сагынбаев - Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Өткүрбек Жамшитов - Башкы прокурор;
  • Нуржан Шайлдабекова - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
  • Толкунбек Абдыгулов - Улуттук банктын төрагасы;
  • Улукбек Марипов - Эсептөө палатасынын төрагасы;
  • Олег Панкратов - Экономика министри;
  • Адылбек Касымалиев - Каржы министри;
  • Нурсулуу Ахметова - президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Дикамбаев - Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
  • Светлана Борцова - "ЭкоПартнер" консалтингдик юридикалык компаниясынын башкы директору;
  • Айнура Усупбекова - "Жарандык Платформа" коомдук фондунун директору;
  • Азиза Юлдашева - "Жер Азыгы" Кыргыз мамлекетинин агробизнесмендеринин ассоциациясынын аткаруучу директору;
  • Таалайбек Койчуманов - өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы;
  • Улук Кыдырбаев - Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы;
  • Надежда Добрецова - Өнүгүү саясаты институтунун башкармасынын төрагасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан