КҮНСЕРЕП: Президенттин сынынан кийин өкмөт айлыктарды көтөрүүгө киришти

Бүгүн, 9-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Экс-премьер Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Бишкек ЖЭБин жаӊылоодогу күмөндүү жагдайлар боюнча Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышындагы 3 депутатынын жоопкерчилигин кароо керек дейт.

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин ал кездеги төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев, Эл аралык иштер комитетинин ал кездеги төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев, Отун-энергетикалык комлекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин ал кездеги жетекчисинин орун басары Кожобек Рыспаев ТВЕА компаниясы менен болгон келишимди жактырууда мыйзам бузган дейт жактоочу. Тагыраагы, келишимди комитетте шашылыш, талкуусуз карап жактырып берген деп чыкты. Азыркы тапта Дыйканбаев президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги өкүлү. Ал эми Иманалиев менен Рыспаев парламентте депутат. Мыйзамга ылайык, өкмөт сунуштаган эл аралык келишимдерге Жогорку Кеӊеш өзгөртүү киргизе албайт. Же жактырышы керек же жактырбай четке кагышы керек. Иманалиев Токтакуновдун дооматына: "Ал кезде ЖЭБ оӊдоого муктаж эле. Эгер келишимди жактырбай койсок, өкмөт "инвестиция алып келели десек, депутаттар колдобой коюшту" деп бизди эл душманы көрсөтүшмөк. Биз келишимди гана жактырып бердик, калган каржы, техникалык иштер өкмөттүн колунда эле", - деп комментарий берди.

Токтакунов көтөрүп чыккан суроого байланыштуу Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттарынын көпчүлүгү "юридикалык жактан депутаттарды ал иш боюнча жоопко тартууга негиз жок" деп чыгышты. Ошол 5-чакырылышта, азыр да депутат болуп отургандар бир деталга атайы токтолбой, маани бербей, сөз кылбай өтүп кетүүгө аракет кылып келишет. Алгач 5, андан соң 14 эл өкүлү ТВЕАнын чакыруусу менен Кытайга барып, саякаттап келишкен соң, ал келишим шашылыш түрдө, регламентти бузуу менен бир эле күндө 3 окууда каралып, ратификацияланган. Жогорку Кеңеш эгер ал техникалык-экономикалык негиздемеси жок, өлкө кызыкчылыгында иштелип чыкпаган келишимди өткөрбөй койсо, албетте, Кыргыздын моюнуна 500 миллион доллар эмес, андан азыраак, жөндүү карыз илинмек. Бул жагынан алганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жоопкерчилиги чоң. Бирок ал моралдык жоопкерчилик. Моралдык жоопкерчилик болсо Кыргызда адамды УКМКнын тергөө абагына жеткире албайт...

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келишим менен иштеген аскер кызматкерлеринин маянасын 30 пайызга көтөрүү боюнча токтомго кол койду. Таза сууга тарифти көтөрүү, уюлдук телефонду каттоого 100 сом алуу, салыкты көтөрүү өӊдүү сунуштары менен өзүн сындардын бутасына коюп берген өкмөттүн командасы калктын калың катмарына жага турган кадам таштады. Жакында Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан. Анда өлкө башчы "өкмөт жаңы демилгелерин элге жакшылап түшүндүрүшү керек" деген сын айткан.

Мындан 2 жыл мурун келишим менен кызмат өтөгөн чек арачынын орточо айлыгы 15 миӊ сомдун тегерегинде болчу. Расмий маалыматка таянсак, азыркы тапта 2 миң 500 аскер кызматкери турак жайга муктаж. Май айында мамлекет тарабынан 54 аскер кызматкерине үй берилсе, жыл аягына чейин дагы 297 батир берилери убада кылынган. Армияга кам көрүү экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда жанданды. Экс-президент өзү аны дайыма баса белгилеп, Кыргыз армиясы соӊку 6 жылда жаӊы деӊгээлге чыкты деп айтып келген. Ал иштер учурда да уланууда. Эгер президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо берген убадаларын аткарам десе, анда дарыгерлердин, мугалимдердин, токойчулардын да маянасын көтөрүүгө да кезек келиши керек...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан