Өмүрбек Бабановдун мурдагы партиялашы Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалды (өмүр баяны)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Дыйканбаевдин кызматка киришүүсүн бүгүн, 14-февралда президенттик аппараттын башчысынын орун басары Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал өлкө башчынын жарлыгына ылайык президенттик аппаратта кадрдык өзгөрүүлөр болгонун, мындан улам Дыйканбаев парламенттеги өкүл болуп дайындалганын айтты.

"Кадрдык дайындоодо президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо боюнча өлкө башчысы чечим кабыл алды. Жарлыкка ылайык, 13-февралда Курманбек Дыйканбаев президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды", - деди Абылгазиев.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Молдакун Абдылдаев иштеп келген.

Өмүр баяны:

Курманбек Дыйканбаев 1960-жылы 11-июлда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп айылында туулган.

Билими - жогорку, 1986-жылы ветеринардык медицина боюнча Витебск мамлекеттик академиясын, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Башкаруу академиясын жана аспирантурасын бүтүргөн.
Эмгек жолу 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун улук ветеринар врачы болуп иштөө менен башталган.
1987-1992-жылдары Түп районунун Фрунзе атындагы колхозунун улук ветеринар врачы;
1992-1993-жылдары Түп районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун төрагасынын орун басары;
1993-1994-жылдары Бишкек шаарындагы дыйканчылык өнөр жай колхозунун директору;
1994-1995-жылдары Түп районунун Фрунзе атындагы колхоздун төрагасы;
1995-1997-жылдары Ысык-Көл облусунун Кутургу айылында "Алдаяр" айыл чарба кооперативинин төрагасы;
1996-1997-жылдары Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айыл өкмөтүнүн башчысы;
1997-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетектөөчү адиси;
1998-2001-жылдар аралыгында БУУнун Өнүгүү программасынын "Децентрализация" долбоорунун эксперти;
1998-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар конгрессинин аппарат башчысы;
2002-жылы Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселокторунун жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдар ассоциациясынын төрагасы,
2009-2010-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бөлүмүнүн башчысы,
2010-2015-жылдары Өмүрбек Бабановдун "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты, Жогорку Кеӊештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басары. 2012-2013-жылдары "Республика" парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurgaz
2018-02-14 12:16:06
Причем тут бабанов
+1
Bazake
2018-02-14 12:20:27
Бабанов муну 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо сатып кеткен. Ошондон кийин бул киши андан түңүлгөн. Президенттик шайлоодо Бабановдун абийирин ачкан. Өзү таза, билимдүү киши. Президент кадыр тандагандан жанылган жок.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан