Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 8-августтан 28-августка чейин Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн И.Ахунбаев көчөсүнөн М.Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Оңдоп-түзөө иштери "Бишкек шаарынын унаа жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында ѳткѳрүлүп, жол катмары алмаштырылат жана бордюрлар орнотулат.

Айтматов кең көчөсүн айланып өтүү батыш тараптан Бакаев жана Жунусалиев көчөлөрү, чыгыш тараптан Токтоналиев көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.

11-12-августта Ахунбаев көчөсү менен Айтматов кең көчөсүнүн кесилишиндеги жолду оңдоо иштери жүргүзүлүп, калган күндөрү аталган кең көчө менен Айни, Жаманбаев, Ахунбаев, жана Горький көчөлөрүнүн кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
faraon312
2018-08-08 11:40:56
Жолдор эртерээк бүтсө жакшы болот эле, элдин башы айланып бүттү
+2
tram-lam
2018-08-08 11:45:24
Жолду жаап салды деп жаман коргонубуз менен, Сооронбай Жээнбеков келгенден бери жолдордун баары ондолуп бутуп калды. Жаман жолдор жокко эсе Бишкек шаарында
-3
Azat.97
2018-08-08 13:18:15
tram-lam,Соке келе электе эле жазалып баштаган.Кыргыз кочу жолун улайт болуп АША нын эле ишин улантып жатат башка эч озгоруу жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан