Баткенде унаа каналга кулап түшүп кетип, 63 жаштагы 2 адам каза болду

Баткенде унаа каналга кулап түшүп, ичинде бараткан 63 жаштагы 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Масалиев айыл аймагындагы Кожо-Кайыр каналына 7-август күнү саат 22:30дар чамасында Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаа ичинде бараткан 63 жаштагы А.А. жана А.И. аттуу эки адам каза болгон.

ӨКМнын Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары унаанын ичинен каза болгон жарандардын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2018-08-08 12:14:23
Аллахым бейишин насип этсин пайгамбар жашында экен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан