SUPER TV: Кен иштетүүчү жайда иштеп, дартка кабылдым деген жигит рак оорусу менен алышууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясында 6 жылдан бери калдыктарды топтоочу жайда иштеп келе жаткан Айбек Маматкерим уулу учурда рак илдети менен алпурушууда. Ал учурда Бишкектеги Улуттук онкология жана гематология борборунда жатат. Ал өпкөсүнөн жабыркайт, дарыгерлер залалдуу дарттын үчүнчү стадиясы деген бүтүм чыгарган.

Оорусуна шыпаа издеген бейтап кен иштетүүчү ишканага нааразы. Анын айтымында, зыяндуу аймакта иштегенине карабай, ага компенсация төлөнгөн эмес. Анын мындай пикирин мекеме жетекчилиги четке кагат. Айтымында, Айбек Маматкерим уулу иштеген жерде экологиялык бузуулар жок. Ал эми айлык акы 3 күн эрте түшөт деп билдирди. Жабырлануучу тарап эгерде өндүрүш учурунда укук бузуулар болгонун айтып, кагаз жүзүндө компанияга кайрылса, маселени четке какпайбыз дейт.

Бул тууралуу видеоматериалды толугу менен көрүү үчүн шилтеме аркылуу SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Munar92
2018-08-08 14:14:53
Жакшы болуп кетсин. Кандай экологиялык бузулуулар жок. Фабрикадан чыккан тутундор ото сассык. Айла жок акча кк иштеп журушкон. Анан опкосун ууландырды да.
0
Munar92
2018-08-08 14:27:18
Суйлоштум деселе суйлой берет. Договор бча калып иштесе 2 эсе коп толойбуз деп кантип уялбай уялбай кантип суйлоп атасын. Ушул убакытка чейин сменшиктин ордуна калган адамдарга толоп бербейт 2 эсе кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан