Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы ресторандар арасында “Грильфест-2013” фестивалы “Фламинго” шаардык эс алуу жайында старт алды. Аталган фестивалдын уюштуруучуларынын бири Анатолий Деревенскийдин айтымында, фестивалга Бишкек шаарындагы ресторандардын башкы ашпозчулары катышууда. Иш-чарада чокко какталып бышырылган тамак-аштын түрлөрү көрсөтүлүүдө.“Фестиваль 30-июнга чейин уланат. "Грильфест" фестивалы мындан кийин жыл сайын уюштурулуп турмакчы”,- деди Деревенский.
Автор: Рахат Кубанычбек кызыФото: Рахат Кубанычбек кызы