Белгилүү "Такси" тасмасынын жылдызы Москвада сабалды

Белгилүү "Такси" тасмасынын жылдызы Сами Насери Москва шаарында сабалганын орусиялык ЖМКлар жазууда. Андагы маалыматтарга таянсак, француз актёру Сами Насер шаардагы түнкү клубдардын биринде 6-августка караган түнү сабалган. Бул окуядан соң Насер ооруканага кайрылып дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөн.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Орусия полициясы тарабынан Сами Насерини сабаган делип клубдун кардары кармалган.

Кармалган кардардын айтымында, Насери достору жана агасы менен клубда эс алып жаткан. Актёр мас абалда болгондуктан кызматкерлерге орой мамиле кылып, эсепти төлөөдөн баш тарткан.

"Анын официант кыздарга жана администраторго кылган мамилесин көрүп кийлигишүүнү туура көрдүм. Алгач мен аны четке түрттүм. Бул учурда ал мени дароо муштуму менен уруп жиберди. Ошондон улам мушташ чыгып кетти. Ал өзү дагы, жанындагы достору дагы мас абалында болчу", - деп билдирген кармалган кардар.

Актёр мушташтан кийинки сүрөтүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Raimkulov123.kg
2018-08-08 13:16:10
Туура эле кылыптыр,
Сыйын билбегенден кийин.
+5
asemanur
2018-08-08 13:27:28
Копкон да акчага актерлор
0
Artyr1994
2018-08-08 13:34:54
Жок полицияга откоруп беруу керек эле.
+2
amirrus
2018-08-08 13:45:21
Туура эле ордуна коюп коюш керек чакчандаса...
+1
Bars88
2018-08-08 14:03:36
Жашы деле тунку клубга бара турган маалдан отуп кетиптир.Кысып эле уйундо отурбайбы
+4
bond02
2018-08-08 14:51:14
Эки суроту бирдей эле экен.
0
taalay25
2018-08-08 15:47:37
Орустар жарды го бул копколонду таксисин айдап жургон Москва да
0
Matahara1980
2018-08-08 16:13:46
к... кысып журбойбу , наркоман
0
Cherik.777
2018-08-08 17:50:58
Баары бир актердуку прав боло берет кантседа...суротунда чыгарып жибериптир
+2
Chagylgan1
2018-08-08 18:02:14
Жогорудагылар баары бир жактуу пикир калтырыптыр. Балким окуя башкача болгондур... Экинчи тараптын созун угуп корбойсунорбу?!! Болбосо видеокозомол бардыр, чындыкты бере алаар...

Мен бул окендерге да ишенбейм да, ошондон...
+4
asiana
2018-08-08 18:54:05
Чурка окшойт деп сабап салса керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан