"Бүгүн мэриянын алдына нааразычылык билдирип келгендерди кайсы бир тарап каржылаган" деп бүгүн, 8-августта шаардык кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Жусупбек Коргонбай уулу журналисттерге билдирди.
"Күн ысыкта ушул адамдардын чын ниетинен келип, чын эле өзгөртүү керек деп күйүп жатканына күмөнүм бар. Бул жерде кандайдыр бир күчтөр өлкөнүн саясий туруктуулугун бузуу максатында чоң акчалар менен каржылап жатат. Бизге биринчи тынчтык, амандык керек жана иштеген кишилерди колдоп алышыбыз керек", - деди Коргонбай уулу.
Айта кетсек, бүгүн Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Добуш берүүдө 43 депутат "макул", 1 депутат каршы болду.
Шайлоого катарлаш жарандык активисттер мэриянын алдына шаардык кеңештин таркашын жана мэрди эл шайлоосу керектигин талап кылып митингге чыгышты.