Чүй районундагы сууга бир чакырымга чейин агып барган 53 жаштагы адам куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 6-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында Чүй районунун Алга айылында 53 жаштагы Калыбек Токболотов аттуу тургун каналдан өтүп баратып сууга түшүп кеткен.
Министрликтин Токмок шаары боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнө саат 22:21 чамасында Мээнеткеч айылынан өткөн каналда адам агып бараткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Куткаруучулар тобу саат 22:35те айтылган дарекке жетип барышып, каналды жээктеп издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада агып бараткан адамды бир чакырым алыстыктан куткарып калышкан.
Куткаруучулар аны суудан алып чыккандан кийин денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жабырлануучу учурда Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө жатат. Анын дене-башы бир нече жеринен сыйрылып, баш мээси чайкалып калганы аныкталган. Учурда абалы туруктуу экени кабарланды.