ИИМ: "Журналист Тынчтык Алтымышев коркутуу болуп жатканы боюнча арыз жазса иши каралат"

"Тийиштүү тарап коркутуу болуп жатканы тууралуу арыз жазганда иш каралат" деп бүгүн, 8-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

SUPER.KG порталы өмүрү коркунучта экенин билдирген журналист Тынчтык Алтымышевдин маселеси боюнча кандай чара көрө турганын сурап аталган министрликке кайрылган.

"Биз кандайдыр бир чара көрүш үчүн "коркутуу болуп жатат" деген адам өз арызы менен кайрылышы керек. Ал арыз менен кайрылууга толук укуктуу. Тийиштүү арыз түшсө ишти карайбыз", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салсак, 6-август күнү журналист Тынчтык Алтымышев интернеттеги баракчасына төмөнкүдөй билдирүүсүн калтырган.

"Тынчтык Алтымышевди катуу сабап, тилин тибирегис кылып койгула" деген буйрук түшүптүр "караларга". Каралардын деле арасында акыйкаттыкты, чындыкты, жигиттикти сүйгөндөр бар да, азырынча буйрукчуну айтпаса да, сак болуумду салам дубай кылышыптыр", - деп жазган журналист билдирүүсүндө.

Тынчтык Алтымышев журналист жана жаран катары акыркы айларда бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына бир катар курч сын-пикирлерди айтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ermekbai
2018-08-08 19:04:19
Жазган күндөда таап бере албайсыңар. "Өрт болсо өчүрөбүз" дегенден болуп. Ошол өрттү астын алган жакшыго өчүргөнгө караганда.
0
Jelezo
2018-08-08 19:57:57
Журналист коомчулука жазып чыктыбы ошол эле жетиштүү же Маевскийден справка алып келсинби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан