Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн "Мекендештер" форумуна катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Иш-чара Ч.Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда болуп өттү.
Өлкө башчы иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн келген мекендештерге ыраазычылык билдирип, алдыда бирге жасай турган пландар тууралуу айтып берди.
"Бул жерде дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнөн келген мекендештерибиз олтурасыздар. Сиздер менен максатыбыз чогуу, кыялыбыз бир. Ошол максатты көздөгөн иш-аракеттерибиз бир ыргакта, бир багытта болушу үчүн, мезгил-мезгили менен баарлашып, акылдашып турушубуз зарыл", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал ушул ишти аткарып, көп жылдан бери мекендештердин байланышын камсыз кылып, жолугушуусун уюштуруп, баарын бириктирип жүргөн экс-президент Роза Отунбаевага ыраазычылык билдирди.
"Мекендештер" форумунун идеяларын жана максаттарын колдойм. Форум реалдуу ишкерлик долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн. Бара-бара кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан платформа-аянт болуп баратат. Кайсы жерде жүрсөк дагы адамдык абийир менен улуттук ар-намысты ыйык тутуп, мекенчилдик позициябызды бекем карманышыбыз парз", - деп белгиледи президент.
Ал мекендештерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Айта кетсек, "Роза Отунбаеванын демилге фонду" уюштуруп келген "Мекендештер" форумуна ар кайсы мамлекетте жашап, иштеп жаткан кыргыз жарандары чогулат. Иш-чара 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте, 2016-жылы Ош шаарында өткөн.