"Электр станциялары" ишканасы эксперт Расул Умбеталиевдин Казакстандан көмүр сатып алуу боюнча сынына жооп кайтарды

Бишкек ЖЭБине көмүр алып келүү боюнча төмөн баа сунуш кылган "Евротранс групп" фирмасынын көмүрүнүн сапаты начар болгону үчүн ал тендерден өткөн эмес. Мындай пикирди SUPER.KG порталына "Электр станциялары" ААКсынын башкы директорунун биринчи орун басары Исланбек Сарсейитов билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 2-июлунда 1 миллиард 440 миң сомго Бишкек ЖЭБине көмүр алып келүү боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланган.

"Тендерге катышуу үчүн көптөгөн компаниялар, анын ичинен Казакстандын бардык көмүр казуучу компаниялары чакырылган. Бирок тендерге "Рассвет компани" ЖЧКсы менен "Евротранс групп" компаниясы катышкан. Жыйынтыгында тендердин комиссиясы көмүрдүн сапатын, баасынын төмөндүгүн жана жогорку калориясын карап жергиликтүү "Рассвет компани" ЖЧКсын тандашкан", - деди Сарсейитов.

Ошондой эле ал буга чейин Казакстандан көмүр албоо боюнча чечим кабыл алынганын ырастап, бирок кайра эле Казакстандын көмүрү сатып алынып жатканын мындайча түшүндүрдү.

"ЖЭБди жаңылоо бүткөндөн кийин өзүбүздүн көмүрдү пайдалануу боюнча тапшырма берилген. Азыр жаңыланган эки блокко өзүбүздүн Кара-Кеченин жана Таш-Көмүрдүн көмүрүн пайдаланабыз. Ал эми жаңылана элек блокторго Казакстандын көмүрүн пайдаланууга туура келүүдө. Ага жергиликтүү көмүрлөрдү жага турган болсок кошумча газды кошуу керек болот. Расул Умбеталиев айтып жаткан "Евротранс групп" компаниясы жергиликтүү көмүрдү ташып келебиз деп чын эле арзан баа сунуш кылган. Бирок анын көмүрүнүн калориясы аз экени белгилүү болду. Аны иштетсек 48 миң тоннага чейин жоготуу болору, 25 миллион куб газды кошумча жагууга туура келет. Натыйжада 520 миллион сомго ашыкча чыгым тартабыз", - деди ал.

Айта кетсек, кечээ, 7-августта энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев маалымат жыйын өткөрүп, Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр ташып келүүдө коррупциялык иштер дагы эле уланып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан