Караколдун мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча шаардык кеңештин токтому бир жумадан бери өкмөткө жете элек

Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча шаардык кеңештин токтому өкмөткө жиберилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, токтом 1-август күнү өкмөткө жиберилген.

"1-августта Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча шаардык кеңештин токтому электрондук почта аркылуу өкмөткө жиберилген. Ага премьер-министр 3 күн ичинде жооп бериши керек болчу. Бирок бизге жооп түшө элек. Арпачиевди кызматтан алууга шаардык кеңештеги 31 депутаттын 28и "макул" деп добуш берсе, 2 эл өкүлү каршы болгон. Ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө Арпачиевдин 2017-жылы жасаган иштерине шаардык кеңештин "канааттандырарлык эмес" деп баа бергени себеп болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматынан Каракол шаардык кеңешинин мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча токтому келбегенин билдиришти.

Эске салсак, буга чейин Каракол шаардык кеңеши Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөткөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eldar6724
2018-08-08 19:02:34
Чамасы акча жагын чечише элекго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан