Жумуш убактысында унаада уктап жаткан инспекторлорго сөгүш берилди

Жумуш убактысында унаада уктап жаткан инспекторлорго сөгүш берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуш учурунда уктап жаткан инспекторлор Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө иштешет. Жумуш убактысында кызматтык унаада уктап жаткандыгы үчүн аларга сөгүш берилген.

Буга чейин кызматтык унаада уктап жаткан кызматкерлердин видеосу социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга алынган. Аталган видеодо Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. Анда бактын көлөкөсүндө токтоп турган унаанын ичинде 2 кызматкер жумуш учурунда уктап жатканын көрүүгө болот.

"Жумуш учурунда уктаганы аз келгенсип эреже бузган милиция кызматкерлери"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2018-08-08 19:49:59
Жадакалса оздорунун укуктарын билишбей, спорить этпей качышты го.
+2
kairan_ozum
2018-08-08 21:44:30
Машина айдап баратып телефон менен суйлошкону учун да штраф толотуш керек болчу
+1
aralbek
2018-08-09 00:17:29
Качат го тим эле ой тобоо
0
baltabaev
2018-08-09 04:29:11
Пай пай пай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан