Милиция эки жыл мурун дайынсыз жоголгон 62 жаштагы адамды издеп жатат

Баткен облусундагы Кадамжай районунун 62 жаштагы тургуну эки жылдан бери дайынсыз болуп изделүүдө. Облустук милициядан 8-августта кабарлашкандай, 1956-жылы туулган Орозбай Сапаров аттуу тургун Халмион айылындагы үйүнөн 2016-жылдын 8-июнунда чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Акыркы жолу аны Кызыл-Кыя шаарынан көргөндөр Ош шаарына бара турганын айтканын кабарлашкан.

Изделип жаткан адамдын бою 170-175 сантиметр, чачы ак, көзү кара, дене түзүлүшү арык. Анын өзгөчө белгилери: оң кашынын жогору жагында 1-1,5 сантиметр тырыгы бар.

Эгерде сүрөттөгү адамды көргөн-билгендер болсо, Кадамжай РИИБине же болбосо 03655 102, 03655 50229, 0770 77 77 02 номурларына чалып кабарлап койсоңуздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан