Мордовияда 70 жаштагы кемпир бутуна гипс койдуруу үчүн 3-кабатка жөрмөлөп чыкканга мажбур болгон.
Бутун кокустатып алган пенсионер лифти иштебеген ооруканада сыныктар бөлүмүнө жетип бутуна гипс койдуруу үчүн 3-кабатка жөрмөлөп чыккан. Бактыга жараша, кемпирди 2-кабаттан башка бейтаптар байкап калып, ага жардам беришкен.
Гипс койдурган соң да 70 жаштагы кемпир 1-кабатка жөрмөлөп түшкөнгө аргасыз болгонун күбөлөр билдиришкенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Ал эми оорукананын башкы дарыгери лифт бир күн мурун эле иштебей калганын айткан. Азыркы тапта тийиштүү органдар кызматтык териштирүү жүргүзүүдө.