SUPER TV: Жан дүйнө. "Мурунку сүйгөнүм кайнежем болуп чыкты"

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары "SUPER TV'нын" "Жан дүйнө" долбоорунда.

Окуумду бүтүп, шаардагы бейтапканалардын биринде иштеп жүргөм. Эртең менен жумушка келип, жаңы эле халатымды кийип баштаган элем. Эшик коомай ачылып, жаш кыз кирип келди. Мына сага тамаша, мынчалык окшоштукту көргөн эмесмин. Менин Аидамдын көчүрмөсү эле. Оозумду ачып карап калган мага акырын сүйлөдү.
– Байке, түнү менен тишим чыдатпай ооруп...
– Ыя?
Куду уйкудан ойгонгондой “селт” эте бердим.
– Тишим дейм...
– Аа кана, көрөлүчү?! Канчадан бери ооруп жатат?
Өзүмдү колго алып, кызды креслого отургузуп дарылай баштадым. Көзүн чылк жумуп алган кыз менин абалымды сезген да жок. Жанды кыйнаган тиш оорусу менен гана алек болуп жатты көрүнөт. Ооба, жазы маңдайы, апакай жүзү, атүгүл ууртундагы чуңкурчасы да менин Аидама окшош эле. Тишин дарылап бүткөндөн кийин гана жылмайып койду.
– Рахмат, байке, тып эле басылды.
– Аягына чейин дарыланышың керек. Дагы эки жолу келесиң. Баса, атың ким?
– Акылай.
Кыз баш ийкеп чыгып кетти. Бирок ошол күндөн баштап менин жашоомдо орун ала баштаганын билген жок. Эмнегедир өзүмдөн-өзүм ушул кызга тартылып бара жаттым. Аидага арналгандай алып учурган сезим болбосо да, Акылай менин жаралуу көкүрөгүмдү дарылап бара жатканын сездим. Жаштыгы менен, өзүнүн эч кимде жок боорукерлиги, мээрими менен мени байлап алды. Анын жүрөгүнөн орун алганымды өзүм да сезип жүрдүм. “Байке” деп сылык кайрылганы менен, мен аны узатып барып коштошордо ийининен тына үшкүрүп, ар кайсы сөзгө алаксытып, кетиргиси келчү эмес. Бул жолу да коштошуп кетип бара жатканымда артымдан кыйкырып калды.
– Байке...
Кылчая карасам артымдан чуркап келе жаткан экен.
– Бүгүн кетпей эле коюңузчу?!
– Акылай, эселегим десе...
Анын жалооруган карегине туруштук бере албадым. Боорума кысып, өпкүлөп жибердим. Ошондон көп өтпөй Акылай экөөбүз үйлөнүп калдык. Менин үйлөнүшүмөн күдөрүн үзүп койгон ата-энем, ага-тууганым кубанычта. Анын үстүнө Акылай да көңүлдөгүдөй келин болду. Жүрөк­төгү тактар жуулуп, Акылай экөөбүз жаңы турмуштун босогосун аттадык. Бирок мени дале тагдыр сынагы тооруганын токтотпоптур.

Окуяны толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, видеодон көрүңүз.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан