Чүй облусунда изделип жаткан 86 жаштагы Герасим Москалев аттуу тургун табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинен 9-августта кабарлашты. Облустук милициянын басма сөз өкүлү Нургүл Нусупованын айтымында, Москалев 8-август күнү кечинде Бишкектин батыш тарабындагы Шлагбаум тараптан табылган.
"Изделип жаткан 86 жаштагы жаран 8-август күнү кечинде Шлагбаум жактан табылды. Анын эс-тутуму начар жана оң буту жок болуп майыптардын арабасында отургандыктан ал жакка кандай жагдайда барып калганы азырынча белгисиз. Учурда себебин аныктап жатабыз", - деди Нусупова.
Герасим Москалев 7-август күнү Аламүдүн районундагы Достук дачасындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.