Элчи Кылычбек Султан маданият тармагындагы эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыздын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан 8-августта маданият тармагында иш алып барган эл аралык “World Masters Committee” уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту. Маалыматты элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жолугушууда “World Masters Committee” уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасалып, маданият жаатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүлгөн.

Ошондой эле элчи Кылычбек Султан ушул жылдын ноябрь айында Сеул шаарында өтө турган 'Embassies Day in Seoul’ эл аралык көргөзмөгө чакырылган. Мындан сырткары сүрөтчү, скульптор, улуттук буюмдарды даярдоо, кийим тигүү, тамак жасоо багыты боюнча Кыргыз жеринен үч өкүлдүн Түштүк Кореяда өтүүчү "Искусствонун залкар ишмерлери" долбооруна катышары макулдашылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан