Бүгүн, 9-август күнү түн ичинде Бишкектеги Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинаттан өрт чыккан. Учурда тилсиз жоону өчүрүү үчүн жеринде 6 өрт өчүрүү тобу иш алып барып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргыновдун айтымында, андагы түтүн коюу жана уулуу болгондуктан өчүрүү оор болууда.
"Азыркы тапта окуя болгон жерде 6 өрт өчүрүү унаасы иштеп жатат. Ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 4 унаа цистернасы суу ташып берүүдө. Өрт таңга маал чыккандыктан жабыркагандар жок. Имараттын ичи эт сактоо жайы болгон", - деп билдирди Чаргынов.
Министрликтин маалымат кызматы буга чейин "ун заводу күйүп жатат" деген билдирүү тараткан болчу.